Башкы штабдын төрагасы Авсевер Казакстанда

Казакстандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Авсевер баштаган аскердик делегация жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Астанага барды.

2012972
Башкы штабдын төрагасы Авсевер Казакстанда
Ruslan Jaksilikov-Musa Avsever1.jpg
Ruslan Jaksilikov-Musa Avsever.jpg

Башкы штабдын төрагасы жана кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Муса Авсевер Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков менен жолугушту.

Казакстандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Авсевер баштаган аскердик делегация жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Астанага барды.

Авсевер Казакстандын коргоо министри Жаксылыков менен жолугушту. Жолугушууга Казакстандын Башкы штабынын төрагасы Марат Хусаинов жана Түркиянын Астанадагы элчиси Мустафа Капужу да катышты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик даярдык, күжүрмөн даярдык жана тынчтыкты сактоо жаатындагы мамилелердин учурдагы абалы жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы келишимдердин аткарылышы талкууланды.



Тектеш кабарлар