Түрк дүйнөсүнөн жана Балкан өлкөлөрүнөн педиатрлар Түндүк Кипрге чогулду

Жыйын үч күнгө созулду.

1982656
Түрк дүйнөсүнөн жана Балкан өлкөлөрүнөн педиатрлар Түндүк Кипрге чогулду

Түркиянын улуттук педиатрия бирикмеси тарабынан Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) уюштурулган окутуу жыйынында Түрк дүйнөсүнөн жана Балкан өлкөлөрүнөн келген педиатрлар чогулду.

Гирне шаарында өткөрүлгөн жыйынга IPAнын (Эл аралык педиатрия мекемесинин) төрагасы профессор доктор Энвер Хасаноглу жана IPAнын тышкы байланыштар боюнча директору Керем Хасаноглу, ошондой эле Түркиянын Улуттук педиатрия бирикмесинин өкүлдөрү жана 400гө жакын педиатр катышты.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Хасаноглу, «Педиатрдын 1 күнү» аттуу 6-окутуу жыйынын атайын ТКТРда уюштургандарын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар 3 күнгө созулган жыйындардын алкагында IPAнын төрагасы жана IPAнын тышкы байланыштар директорун Президенттикте кабыл алды.

Жолугушууда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы үчүн саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу темасы талкууланды.

Жыйналыш тууралуу журналисттерге маалымат берген IPAнын төрагасы Хасаноглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасында акыркы мезгилде жүргүзгөн иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Хасаноглу жыйындын Түндүк Кипр Түрк Республикасында уюштурулушунун максатынын өлкөнүн таанылышын арттыруу жана дүйнөгө түшүндүрүү экенин айтты.



Тектеш кабарлар