Алиев: «Босния-Герцеговина менен карым-катнаштарда жаңы доор башталды»

Алиевди борбор шаар Сараеводо Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрагасы жана серб мүчөсү Желька Цвиянович, Кеңештин хорват мүчөсү Зелко Комсич жана босниялык мүчө Денис Бечиревич расмий азем менен тосуп алышты.

1974588
Алиев: «Босния-Герцеговина менен карым-катнаштарда жаңы доор башталды»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Батыш Балкан өлкөсү Босния-Герцеговина менен карым-катнаштарда жаңы доордун башталганын айтты.

Алиевди өлкөгө жасаган алгачкы расмий сапарында борбор шаар Сараеводо Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрайымы жана серб мүчөсү Желька Цвиянович, Кеңештин хорват мүчөсү Зелко Комсич жана босниялык мүчө Денис Бечиревич расмий азем менен тосуп алышты.

Делегациялардын жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Алиев Босния-Герцеговинанын Карабах согушунда аларга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бири болгонун белгилеп: «Бул достук жана бир туугандык үчүн сиздерге ыраазыбыз. Бүгүн карым-катнаштарыбызда жаңы доор башталат. Экономикалык тармактагы карым-катнаштарды күчтөндүрөбүз. Босния-Герцеговина менен Азербайжандын ортосунда стратегиялык тармакта иш-чаралар болот»,-деди.

Илхам Алиев соода тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү каалашкандарын баса белгилеп, Босния- Герцеговинага инвестиция салууга даяр экендиктерин билдирди.

Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрайымы Цвиянович, Азербайжан менен кызматташтыкта ​​жаңы доорду ачкандарын белгилеп, сел апаатынын кыйын мезгилдеринде Босния-Герцеговинага сунган жардам колу үчүн Азербайжанга ыраазычылык билдирди.

Ковид-19 эпидемиясында Азербайжандан чоң колдоо алгандарын белгилеген Цвиянович Азербайжандын Босния-Герцеговинада көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганын айтты.

Цвиянович Азербайжан менен бүгүн кол коюлган стратегиялык кызматташтык боюнча биргелешкен декларациянын өз ара саясий диалог жана экономикалык кызматташтыкка жарык чачаарын белгиледи.

Азербайжандын Сараеводо элчилик ачканын эске салган Цвиянович Бакуда элчилик ачуунун Босния-Герцеговинанын приоритеттеринин арасында болгонун жана бул алкакта иштердин баштала турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар