Түркмөнстандан жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам

Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирүү жарыялады.

1952888
Түркмөнстандан жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам

Түркмөнстандан Түркиянын Ашхабаддагы элчилигинин координациясында 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин жабыркагандар үчүн 1100 жууркан жана 89 керебет жөнөтүлдү.

Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Элчилигибиздин координациясында бүгүн эртең менен Түркмөнстандан жер титирөө болгон аймакка кошумча 1100 жууркан жана дагы 89 керебет жөнөттүк. Кайрымдуулук кылган жарандарыбызга, Түркмөнстандагы компанияларыбызга, Түркмөнстан Кызыл Жарым Айына жана Tүрк аба жолдоруна ыраазычылык билдиребиз», деген сөздөр камтылды.

Түркмөнстанда бейөкмөт уюмдар менен Түркиянын элчилиги биргелешип уюштурган жардам акцияларынын натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 миң 71 жууркан, 390 керебет, 20 генератор, 60 жылыткыч, 6 мобилдик ажаткана, 11,15 тонна кийим-кече, 44,46 тонна медициналык каражаттар жана 67 тонна тамак-аш жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар