Казакстан түрк зооттолгон унааларын сатып алууну пландоодо

Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов борбор шаар Астанада өткөргөн маалымат жыйынында армиядагы реформалар тууралуу маалымат берди.

1925253
Казакстан түрк зооттолгон унааларын сатып алууну пландоодо

Казакстандын Куралдуу күчтөрүндө жаңы түзүлгөн атайын күчтөр командирлиги үчүн түрк компаниясы тарабынан чыгарылган брондолгон согуштук унааларды сатып алуу темасы каралууда.

Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов, борбор шаар Астанада өткөргөн маалымат жыйынында армиядагы реформалар тууралуу маалымат берди.

Камалетдинов президент Касым Жомарт Токаевдин январь айындагы жарлыгы менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн курамында Атайын күчтөрдүн командирлиги түзүлгөнүн, аталган бөлүктө дайындала турган жоокерлердин атайын даярдыктан өткөнүн, аларды курал-жарак жана берки жабдыктар менен камсыз кылуу аракети көрүлгөнүн белгиледи.

Ушул алкакта түрк фирмасы тарабынан чыгарылган зооттолгон согуштук унааларга баа берип жаткандарын айткан Камалетдинов: «Кандайдыр бир аскердик техниканын конкреттүү тапшырмаларды аткаруу үчүн иштелип чыкканын так түшүнүшүбүз керек. Түрк компаниясы чыгарган бронетранспортерлер боюнча бизде көрсөтмө документтер бар. Бир нече өлкөлөр тарабынан (бул зооттолгон унаалар) сатып алынган. Ошондуктан куралдуу кагылышууларда сыналган»,- деди.

Камалетдинов ошондой эле Казакстандын армиясында Израиль жана Кытайда жасалган учкучсуз учуучу аппараттардын бар экенин белгилеп: «Эми болсо өндүрүшүн өз жерибизде ишке ашыра турган Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алуу пландалууда»,-деди.

Буга чейин Отокардын Казакстанда бронетранспортёрлорду чыгарууну максат кылганы маалымдалган болчу.



Тектеш кабарлар