АКШда Түрк мамлекеттери уюмунун 13 жылдыгына карата иш-чара

Иш-чарага АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү боюнча кеңешчисинин орун басары Эрика Олсон жана түрк мамлекеттеринин элчилери да катышты.

1902081
АКШда Түрк мамлекеттери уюмунун 13 жылдыгына карата иш-чара

АКШда Түрк мамлекеттери уюмунун 13 жылдыгынан улам Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин имаратында сый кече уюштурулду.

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан жана жубайы Инжи Мержандын кожоюндугундагы кечеге АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү боюнча кеңешчиси Эрика Олсон жана түрк мамлекеттеринин элчилери катышты.

Вашингтон элчиси Хасан Мурат Мержан өз сөзүндө, Түрк мамлекеттери географиялык чек аралар менен бөлүнүп турса да байланыштары жакын экенин белгилеп, мамлекеттердин ортосундагы саясий тилектештикти бекемдөөнү, техникалык кызматташтыкты тездетүүнү, тарыхый жана маданий мураска колдоо көрсөтүүнү максат кылгандарын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү боюнча кеңешчиси Эрика Олсон да сөз сүйлөөсүндө, түрк мамлекеттери менен болгон карым-катнаштын маанисине токтолду.

Карьерасынын жарымынын түрк мамлекеттеринде өткөнүн эске салган Олсон, уюмдун эмне кыла аларын жеринде көргөнүн жана билгенин айтты.



Тектеш кабарлар