Түркиянын коргоо өнөр жайынын өнүмдөрү Түркмөнстандагы машыгууда

Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү аскердик машыгуу өткөрүштү.

1897928
Түркиянын коргоо өнөр жайынын өнүмдөрү Түркмөнстандагы машыгууда

Түрк коргоо өнөр жайынын өнүмдөрү бул ирет Түркмөнстанда өзүн көрсөттү.

Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу жана улуттук армиянын согушка даярдыгын текшерүү максатында Балкан облусунда аскердик машыгуу өткөрүштү.

Машыгууда Түркиядан алынган TB2 Байрактар жана "Денизхан" аттуу корвет менен "Кирпи" унааларынын талаадагы ийгилиги сыналды.

Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттардын аба мейкиндиктеги ийгилиги көрсөтүлүп, Денизхан аттуу корветтин атуу мүмкүнчүлүктөрү иликтенди.

«Кирпи» унаасынын катаал шарттарда, өзгөчө чөлдө жана тоолуу аймактарда ийгиликтүү сыноодон өткөнү белгиленди.

Балкан облусунун Аскер-деңиз машыгуу борборунда өткөн машыгууга мамлекет башчысы жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командири Сердар Бердымухамедов да катышты.

Аскердик унааларды карап чыккан түркмөн лидери аскердик кызматкерлерди даярдоого чоң маани беришкенин билдирди.



Тектеш кабарлар