Азербайжан Орусияга нота берди

Азербайжан Орусиянын мамлекеттик телеканалында Азербайжанга каршы көрсөтүүсү үчүн Орусияга нота берди.

1897038
Азербайжан Орусияга нота берди

Азербайжан Орусиянын мамлекеттик телеканалында Азербайжанга каршы көрсөтүүсү үчүн Орусияга нота берди.

Азербайжандын Москвадагы элчилигинин билдирүүсүндө, 20-21-октябрда 1-каналда көрсөтүлгөн «Улуу оюн» программасында орусиялык саясат таануучу жана армян тектүү эксперттердин Азербайжанга каршы сүйлөгөн сөзүнөн улам элчилик Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө шек туудурганы боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. 

Нотада программанын коноктору Армениядагы өч алуучу күчтөрдү сепаратизмди колдоо менен өткөн жаңжалды кайра тутандырууга жана эки элдин ортосуна кастыктын үрөнүн себүүгө түрткөндүгү белгиленген.

Программада болуп өткөндөрдүн 2022-жылдын 22-февралында Орусия менен Азербайжандын ортосунда кол коюлган союздук ишмердүүлүк келишимине карама-каршы келгени белгиленген нотада Орусиядан басма сөз кызматкерлеринин чагымчыл аракеттерин токтотуу үчүн чукул чараларды көрүүсү жана келечекте аларды кайталабоосу баса белгиленген.



Тектеш кабарлар