Президент Эрдоган эртең Азербайжанга бир күндүк иш сапары менен барат
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
![Президент Эрдоган эртең Азербайжанга бир күндүк иш сапары менен барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/43bf/40e5/ded2/6178317a38608.jpg?time=1718735078)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен эртең Азербайжанга бир күндүк иш сапары менен барат.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Азербайжандын бошотулган аймагында түрк фирмаларынын салымдары менен курулган экинчи аэропорт болгон Зангилан эл аралык аэропортунун ачылыш аземине Алиев менен бирге катышат жана аймакты өнүктүрүү үчүн башталган жаңы долбоорлордун пайдубалын да түптөйт.
Сапардын алкагында боло турган эки тараптуу жолугушууларда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын бардык жагынан каралышы жана кызматташтыктын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдардын талкууланышы күтүлүүдө.
Ошондой эле эки тараптуу мамилелер менен катар актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашуу каралууда.