Армян күчтөрү Азербайжан позицияларын аткылашты

Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1876806
Армян күчтөрү Азербайжан позицияларын аткылашты

Армян аскерлеринин Азербайжандын Келбежер жана Лачын багытындагы турумдарына ок чыгарганы маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «6-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:50дөн 01:20га чейин Армениянын куралдуу күчтөрү Басаргечердеги Шоржа жана Нораван калктуу конуштары багытындагы позициялардан Келбежер жана Лачын районунун Ахмедли конуштарындагы позицияларга мезгил-мезгили менен ар түрдүү калибрдеги куралдар менен ок чыгарышты»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Азербайжан армиясынын да жооп кайтаруу иретинде ок атканы белгиленди.



Тектеш кабарлар