Бакуда Түрк дүйнөсүнүн балдарынын тилектештик иш-чарасы өттү

Дүйнөлүк азербайжандардын тилектештик күнү жана Жаңы жыл майрамына карата Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунда иш-чара өткөрүлдү.

1754882
Бакуда Түрк дүйнөсүнүн балдарынын тилектештик иш-чарасы өттү
baku Turk dunyasi dayanisma etkinligi.jpg
baku Turk dunyasi dayanisma etkinligi1.jpg

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түрк дүйнөсүнүн балдарынын тилектештик иш-чарасы өттү.

31-декабрь Дүйнөлүк азербайжандардын тилектештик күнү жана Жаңы жыл майрамына карата Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунда иш-чара өткөрүлдү.

Фонддун төрайымы Гүнай Эфендиева уюштурган иш-чарага Азербайжандын Үй-бүлө, аялдар жана балдар боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Бахар Мурадова, Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө мамлекеттердин Бакудагы элчиликтеринин өкүлдөрү жана балдары катышты.

Гүнай Эфендиева «Түрк дүйнөсүнүн балдарынын тилектештиги» аттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн ар дайым тилектеш болгонун жана муну Азербайжандын Карабах согушунда көргөнүн баса белгиледи.

«Келечекте балдарыбыз бири-бирине колдоо көрсөтүшүн каалайм, Түрк дүйнөсүнүн балдары ийиндеш туруп, 21-кылым түрк кылымы болсун»,-деди ал.

Азербайжандын Үй-бүлө, аялдар жана балдар боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Мурадова үй-бүлө жана балдар түрк дүйнөсүнүн бардык аймактарында абдан маанилүү фактор экенин баса белгилеп: «Балдарыбыз салттуу да, заманбап да баалуулуктар менен чоңоюшу керек», - деп айтты.

Түркиянын Бакудагы элчиси Багжы: «Бул биздин ата-баба жерибиз. Биз балдарыбызга ата-бабаларыбыздын жеринде бизди бириктирип турган бир туугандык уюткусунун баарын айтып беришибиз керек. Маданий мурастарыбызды коргошубуз керек»,-дер өз баасын берди.

Иш-чара Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген балдардын ыр айтуу жана ырдоолору менен уланды.

Азербайжандын башталгыч класстарынын окуучулары тарабынан театр, музыка жана бий спектаклдери тартууланган иш-чарада балдарга түрдүү белектер берилди.



Тектеш кабарлар