Казакстанда түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

Түрк тасмаларынын жумалыгы 31-октябрга чейин уланат.

1726227
Казакстанда түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

Казакстандын маданий борбору Алматыда 6-Түрк тасмаларынын жумалыгы кино көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусу менен башталды.

Маданият жана туризм министрлигинин салымы, ошондой эле Түркиянын Алматыдагы башкы консулдугунун колдоосу менен «Жергиликтүү ой пикир коому» тарабынан уюштурулган 6-Түрк тасмалары жумалыгынын ачылыш аземи 7-палатадагы керемет» аттуу фильм менен Алматыдагы  «Арман» кино залында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында түрк оюнчулары күйөрмандары менен жолугушту.

Чебер режиссёрлордун сыйлык алган эмгектери Түрк тасмалары жумалыгынан улам чоң экранга чыгарылат.

Көрсөтүүлөрдөн кийин өнөрпоздор менен көрүүчүлөрдүн жолугушуулары болот.

Боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кинонун күчүнө негизделген дагы бир көпүрөнү кошууну максат кылган Түрк тасмалары жумалыгы 31-октябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар