Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери Стамбулда жолугушат

Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери Түркиянын чакыруусу менен кезексиз чогулат.

1710576
Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери Стамбулда жолугушат

Анкаранын Ооганстанга карата тыгыз дипломатиялык алакалары уланууда.

Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери Түркиянын чакыруусу менен кезексиз чогулат.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча Түркиянын кожоюндугу менен 2021 -жылдын 27 -сентябрында Стамбулда Ооганстан боюнча Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынынын өткөрүлө тургандыгы билдирилди.

Түрк Кеңешинин мүчөсү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан,Өзбекстан жана байкоочу Венгриянын тышкы иштер министрлери Ооганстандагы учурдагы окуялар талкууланган жыйынга катышат.

Министр Чавушоглунун жолугушууга байланыштуу кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар