Азербайжан армиясынан 2900 аскер каза болду
Мындан мурда 2 895 деп билдирилген каза болгон аскер санынын айрым жаназалардын табылышы жана күбөлүктөрүнүн такталышы менен 2900гө жеткендиги билдирилди.
![Азербайжан армиясынан 2900 аскер каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f504/c2b5/ce6a/60b783e20218c.jpeg?time=1718857346)
Азербайжан армиясынан 2900 аскер Карабахта жерлерин оккупациядан бошотуу согушунда каза болду.
Азербайжандын коргоо министрлиги берген маалыматта, 2020 - жылы 27 - сентябрда башталган жана 10 - ноябрда Армениянын жеңилүүнү кабыл алган келишимге кол коюшу менен аяктаган согушта каза болгон аскерлер тууралуу маалыматтардын жаңылангандыгы белгиленди.
Мындан мурда 2 895 деп билдирилген каза болгон аскер санынын айрым жаназалардын табылышы жана күбөлүктөрүнүн такталышы менен 2900гө жеткендиги билдирилди.
14 аскердин дагы дайынсыз жоголгону билдирилген маалыматта, жерге берилген аскерлердин аты-жөнүнө орун берилди.
Азербайжан армиясы тарабынан 2020-жылы 27-сентябрда башталган операцияда 5 шаар борбору, 4 шаар жана 286 айыл бошотулду, андан кийин Армения жеңилүүнү кабыл алып, басып алынган Агдам, Лачин жана Келбежер провинцияларын эвакуациялоону убада кылган келишимге кол койгон.
Армян армиясынын 2020 - жылдын 27 - сентябрда баштаган операциясында 5 шаар борбору, 4 поселок жана 286 айыл бошотулган. Ушул боюнча Армения жеңилүүнү кабыл алып оккупациядагы Агдамдан, Лачын жана Келбежер облустарынан да чыгарына убада берген келишимге кол койгон.
Армения армиясы 2020 - жылы 20 - ноябрда Агдамдан, 25 - ноябрда Келбежерден жана 2020 – жылдын 1 - декабрында Лачындан чыккан.