Армения аскерлери Азербайжан чек ара эрежесин бузду
Азербайжан чек ара эрежелерин бузган Армениянын 40 аскери кайра кайтарылды.
![Армения аскерлери Азербайжан чек ара эрежесин бузду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/84dd/2b45/53b1/60b7706aa936e.jpg?time=1718900997)
Азербайжан чек ара эрежелерин бузган Армениянын 40 аскери кайра кайтарылды.
Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта кечээ кечки сааттарда 40 армян аскеринин Келбежер облусуна караштуу Армутлу айылына 400 метр аралыктагы Азербайжан территориясына киргендиги аныкталганы билдирилди.
Маалыматта Азербайжан аскерилеринин курал колдонбостон көргөн чараларынын натыйжасында Армения аскерлеринин чегингендиги белгиленди.
Армения аскерлеринин Азербйжан жерлерине кийлигишүүсү чагымчылдык деп мүнөздөлгөн билдирүүдө бардык жоопкерчиликтин толугу менен Армения тарабына таандык экендиги маалымдалды.
Министрлик Арменияга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, коңшу мамлекеттердин чек араларын жана аймактын бүтүндүгүнө сый көрсөтүү, ошондой эле аймактагы кырдаалды курчута турган чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырды.