Армения Нахчиванда Азербайжан позицияларына ок атты
Ок атууда Азербайжандын бир аскери жаракат алды.
1647456
![Армения Нахчиванда Азербайжан позицияларына ок атты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ee7c/6ce2/5649/6018f903c8a56.jpg?time=1718918591)
Азербайжан коргоо министрлиги Армения армиясынын Нахчивандагы Азербайжан позицияларына ок атып, бир Азербайжан аскеринин жаракат алгандыгын жарыялады.
Министрликтен берилген маалыматта далысынан жаракат алган аскердин ооруканага жаткырылгандыгы, өмүрүнө коркунучтун жок экендиги билдирилди.
Эки өлкөнүн Нахчиван аймагындагы чек ара линиясында болгон чыңалуудан Армениянын жооптуу экендиги белгиленген маалыматта Арменияга провокациядан жана кырдаалды курчутушу мүмкүн болгон башка кадамдардан алыс болуп, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакыруу салынды.