Түркия Маариф фонду менен Азербайжан кызматташууда

Тараптардын билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана кубаттоого багытталган протоколго кол коюлду.

1643384
Түркия Маариф фонду менен Азербайжан кызматташууда

Түркия Маариф фонду менен Азербайжандын Билим берүү министрлигинин ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду.

Түркия Маариф Фондунун башчысы проф. др. Бирол Акгүн Азербайжандагы жолугушууларынын алкагында билим берүү министри Эмин Эмруллаев менен жолугушту. Жолугушууга Түркиянын Бакудагы элчиси доц. др. Кахит Багжы жана Маариф Фондунун Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү проф. др. Жихад Демирли дагы катышты.

Жолугушуудан кийин Акгүн менен Эмруллаев тараптардын билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана кубаттоого багытталган протоколго кол коюшту.

Протокол Түркия менен Азербайжандын ортосунда 2017-жылдын 31-октябрында кол коюлган "Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун" жоболору боюнча жана 2018-жылдын 25-апрелиндеги 7-Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешине байланыштуу Түркия Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы протокол» жоболорунун негизинде түзүлгөн.

Түркия Маариф Фонду 67 өлкөдөгү 357 билим берүү мекемеси жана 1 университет менен билим берүү ишин улантууда.



Тектеш кабарлар