Эрсин Татар Түркияга иш сапары менен келет
Бул тууралуу Президенттик Аппараттын Коммуникация башкармалыгынан билдирилди.
1628118
![Эрсин Татар Түркияга иш сапары менен келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3f13/3361/088e/60852cd337df0.jpg?time=1718837640)
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча бүгүн Түркияга иш сапары менен келет.
Президенттик Аппараттын Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сапар убагында Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы мамилелерди бардык өңүттөн карап чыгуу менен кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.
Жолугушууларда эки тараптуу мамилелер, ошондой эле Кипр маселеси боюнча акыркы окуялар, анын ичинде Швейцариянын Женева шаарында 27-29-апрелде боло турган «5 + Бириккен Улуттар Уюмунун расмий эмес жыйыны» боюнча пикир алмашуу болот.