Түрк-орус биргелешкен байкоо борбору ишин улантууда

Борбордо 60 түрк жана 60 орус аскери кызмат кылууда.

1578283
Түрк-орус биргелешкен байкоо борбору ишин улантууда

Азербайжан тарабынан Армениянын оккупациясынан бошотулган Тоолуу Карабахтагы ок атышпоо режимин көзөмөлдөө максатында курулган Түрк-орус биргелешкен байкоо борбору ишин улантууда.

Борбордогу аскерлер аймактан учкучсуз учуучу аппараттар менен тартылган көрүнүштөрдү чогуу көрүп, ок атышпоо келишиминин сакталып-сакталбагандыгын байкап жатышат.

4 гектардык аянтка курулган жана 65 курама үй менен тейлөө аянттары жайгашкан борбордо 60 түрк жана 60 орус аскери кызмат кылууда.

Борбордун коопсуздугун болсо Азербайжан аскерлери камсыз кылышууда.

Азербайжан армиясы 2020-жылы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаардын борбору, 4 шаарча жана 286 айыл бошотулгандан кийин Армения 10-ноябрда жеңилүүнү кабыл алып, басып алынган Агдам, Лачин жана Келбежер аймактарын эвакуациялоону убада кылган декларацияга кол койгон болчу.

Декларацияда тараптардын ок атышпоо режимин көзөмөлдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында байкоо борборун түзүү чечими кабыл алынган.

Түрк-орус биргелешкен байкоо борборуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун ортосунда 2020-жылдын 11-ноябрында кол коюлган.

Борбордун ачылыш аземи Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов, Түркиянын улуттук коргоо министринин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин катышуусунда 30-январда өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар