Илхам Алиевге «19-май Түрк дүйнөсүнүн тирилүү сыйлыгы» ыйгарылды

ТҮРКСАВдан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө караганда Фонддун башкаруу кеңешинин төрагасы Яхия Акенгин, 25 жылдан бери түрк дүйнөсүнө байланыштуу иш-чараларды уюштуруп келе жатышкандарын айтты.

1556952
Илхам Алиевге «19-май Түрк дүйнөсүнүн тирилүү сыйлыгы» ыйгарылды

Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар жана искусство чеберлери фонду (TÜRKSAV) Азербайжандын президенти Илхам Алиевге быйыл «19-май Түрк дүйнөсүнүн тирилүү сыйлыгын» ыйгарууну чечти.

ТҮРКСАВдан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө караганда Фонддун башкаруу кеңешинин төрагасы Яхия Акенгин, 25 жылдан бери түрк дүйнөсүнө байланыштуу иш-чараларды уюштуруп келе жатышкандарын айтты.

Акенгин, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн 1919-жылы 19-майда Анадолуда баштаган Түрк дүйнөсүнүн кайрадан тирилүү кыймылынын бүгүнкү күндө Борбордук Азия талааларында жана Кавказ өрөөндөрүндө Түрк дүйнөсүнүн лидерлеринин жол башчылыгында баскынчы империализмге каршы жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

Азербайжандын былтыркы жеңишине көңүл бурган Акенгин: «2020-жылы Азербайжан, түрк элдеринин Илхам Алиевдин жол башчылыгында Түркия Республикасынын абдан жакын колдоосу жана Түрк Кеңешинин руханий алакасынын жардамы менен жетишилген жеңиш, ошол эле учурда Түрк дүйнөсүнүн баскынчы империалисттик менталитетке каршы биргелешкен ийгилиги болуп саналат. Бул күрөштүн жол башчылыгын кылган урматтуу Илхам Алиевке бул сыйлыкты тапшыргандыгы үчүн сыймыктана турганыбызды Башкаруучулар кеңешибиздин атынан билдиргим келет»,-деди.



Тектеш кабарлар