Эрдоган менен Алиев биргелеше маалымат жыйын өткөрдү

Азербайжандын борбору Бакудагы Жеңиш парадына катышуу үчүн барган Эрдоган, президент Илхам Алиев менен жеке жолугушуу өткөрдү.

1543357
Эрдоган менен Алиев биргелеше маалымат жыйын өткөрдү
Erdogan Aliyev
Erdoğan-Aliyev, basın toplantısı.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиядагы армян элине карата жек көрүү сезими жок экендигин билдирип, «Маселе Армениянын башкаруучулугунда. Менин өлкөмдө 100 миңден ашуун армян жарандары бар»,- деди.

Азербайжандын борбору Бакудагы Жеңиш парадына катышуу үчүн барган Эрдоган, президент Илхам Алиев менен жеке жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуудан жана макулдашууларга кол коюлгандан кийин эки президент биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, 44 күндүк согуштан кийинки натыйжасы, Азербайжандагы боордошторубузду кандай кубантса, Түркиядагы бир туугандарын дагы ошондой эле кубантканын айтты.

Аймактык тынчтык үчүн 6 платформалуу аянтча түзүлө аларын айткан Эрдоган, «Россия, Түркия, Азербайжан, Иран, Грузия эгерде кабыл алышса, анда Армения дагы ушул платформага кириши мүмкүн. Эгерде оң кадамдар ташталса биз дагы каалгаларыбызды ачабыз. Каалгаларыбызды Арменияга жаап таштайлы деген көйгөйүбүз жок. Себеби биз тынчтык үчүн кадам ташташыбыз керек»,-деп айтты.

Түркиянын армян элине жек көрүү сезими болбогонун айткан Эрдоган: «Биздин маселе (Армения) башкаруучулугунда. Менин 100 миңден ашуун армян атуулум бар. Биздин адамдарга болгон таарынычыбыз жок. Максат - тынчтыкты орнотуу, ошого жараша кадам таштайлы»,-деп айтты.

Азербайжандын президенти Алиев дагы Түркиянын Азербайжанды колдоосунун, аларга күч бергенин айтып: «Түркия менен Азербайжан сыяктуу бир-бирине бекем байланган, бири-биринин жанында турган мамлекеттер жок. Түркиянын күчтөнүшү биздин күч-кубатыбызды арттырат. Түркия глобалдык алкакта күч борбору. Бүгүнкү күндө президент Эрдогандын Түркиясы, дүйнөгө көз карандысыздыктын, эрдиктин жана тайманбастыктын үлгүсү болууда»,-деди.

Алиев, мекенди коргоо согушунда Түркиянын коргонуу өнөр жайынын чыгарылышы атактуу Байрактардын (учкучсуз учуучу аппарат) жеңиште өзгөчө роль ойногонун айтты.

Алиев: «Армениянын башкаруучулугу негизсиз дооматтарынан баш тартса, алар дагы аймакта түзүлө турган ар кандай кызматташтык аянтчаларына катыша алышат»,-деди.



Тектеш кабарлар