Алиев Физули менен Шушанын ортосунда салына турган жаңы жолдун пайдубалын түптөөгө катышты

Илхам Алиев Армениянын оккупациясынан бошотулган Физули жана Жабраил шаарларына барды.

1529375
Алиев Физули менен Шушанын ортосунда салына турган жаңы жолдун пайдубалын түптөөгө катышты
aliyev fuzuli-cebrail1.jpg
aliyev fuzuli-cebrail.jpg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын оккупациясынан бошотулган Физули жана Жабраил шаарларына барды.

Илхам Алиевдин жубайы Михрибан Алиева Instagram баракчасында бөлүшкөн кадрларда президент Алиев бул сапарларды өзү колдонгон унаа менен жасагандыгы көрүнүп турат.

Алиев сүрөттөрдө алар Жабраил провинциясында экендиктерин жана тарыхый Худаферин көпүрөсү тарапка бара жатышканын айткан.

Алиев, кыйраган үйлөрдү көрсөтүп, «Булар ырайымсыз душман тарабынан кыйратылган  Азербайжан жарандарынын үйлөрү»,- деди.

Сүрөттөрдө Алиев Араз дарыясын көрсөтүп, «Бул Азербайжан-Иран чек арасы; бул достуктун чек арасы»,-деп айтты.

Социалдык тармактарда бөлүшүлгөн дагы бир видеодо Илхам Алиев Азербайжандын желегин өөп, флаг-штокко көтөргөнү орун алган.

Президент Алиев Физули менен Шушанын ортосунда курула турган жаңы жолдун пайдубалын түптөө аземине катышты.

Бул долбоордун оккупациядан бошотулган жерлерде ишке ашырылган биринчи долбоор болгонун айткан Алиев, Шушаны бошотуу менен Армениянын Азербайжанга каршы турушунун маанисиз болгонун түшүнгөнүн айтты.

Армяндардын аймакка жылдар бою келтирген зыяны эсептеле тургандыгын жана жапа чеккендердин  акылары мамлекет тарабынан төлөнө тургандыгын айткан Алиев, адамдардын ата-бабаларынын мекенине кайтып барышын айтты.

Алиев Физулинин айылдарынын жана шаардын борборунун урандылары адамдардын жүрөгүн ооруткандыгын айтып, «Армяндардын мыкаачылыгы эмнени билдирерин бүт дүйнө билиши керек. Биз муну дүйнөгө көрсөтөбүз»,- деди.

Армяндардын Жабрайил шаарындагы бардык имараттарды жана инфраструктураны талкалаганын айткан Алиев, Армения басып алган Азербайжандын аймагындагы 30 жылдык кыйратуусу үчүн эл аралык соттордо жооп бере тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар