Армяндар Келбежерден чыгып жатып үйлөрдү жана токой аянттарын өрттөштү

Азербайжан менен Армениянын ортосунда 10-ноябрда түзүлгөн келишимге ылайык, армян армиясы бүгүн (15-ноябрда) Келбежерден чыгып кетиши керек.

1528002
Армяндар Келбежерден чыгып жатып үйлөрдү жана токой аянттарын өрттөштү

Азербайжан менен Армениянын ортосунда Россиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге ылайык, 27 жылдан бери оккупацияда кармаган Келбежерден чыккан армяндар үйлөрдү, коомдук имараттарды жана токой аянттарын өрттөштү.

Социалдык тармактарда жана Россиянын маалымат сайттарында жарыяланган сүрөттөрдөн Келбежердин ар кайсы бөлүктөрүндө жашаган армяндар кетердин алдында айрым имараттарды өрттөп, кээ бир курулуштарды талкалап салышканын көрүүгө болот.

Видео каттоолордо азербайжандардын 27 жыл мурун дээрлик эч нерсесин алып кетпей таштап кеткен үйлөрүнөн аман калган үйлөрүн армяндардын чатырдан эшик терезесине чейин бузуп, өрттөп жибергени көрүнүп турат.

Кадрларда үйлөр гана эмес, мектеп имараттары жана бак-дарактар ​​өрттөлүп жатканы дагы бар.

Азербайжандын батышында, Армениянын чек арасында, Тоолуу Карабахтын түндүк-батышындагы  Келбежер 1993-жылы оккупацияланган.

Келбежер шаарынын борбору жана 128 айылында жашаган 60 миңге жакын азербайжандыктар үйлөрүн таштап, өлкөнүн ар кайсы аймактарында отурукташууга аргасыз болушкан.

Баскынчылыкка чейин, Армения армян калкы жок Келбежерге ар кайсы аймактардан армяндарды алып барып мыйзамсыз отурукташтырып келген.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда 10-ноябрда түзүлгөн келишимге ылайык, армян армиясы бүгүн (15-ноябрда) Келбежерден чыгып кетиши керек.

Келишим жарыяланган күндөн баштап армяндар Келбежердеги курулуштарга зыян келтире баштаган.



Тектеш кабарлар