Азербайжан менен Армения аскерлердин сөөктөрүн кайтарып беришти

Азербайжан менен Армениянын ортосунда Россиянын ортомчулугунда түзүлгөн ок атышпоо келишиминде тараптар сөөктөрдү жана туткундарды алмашат деп айтылган эле.

1527666
Азербайжан менен Армения аскерлердин сөөктөрүн кайтарып беришти

Шушадагы кагылышууларда каза болгон азербайжандык аскерлердин сөөктөрү менен армян аскерлеринин сөөктөрү эки тараптуу түрдө кайтарылды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, согуш майданында калган армян аскерлеринин сөөктөрүнүн Тоолуу Карабахта кызмат өтөп жаткан орус аскерлери аркылуу кайтарылып берилгендиги маалымдалды.

Билдирүүдө 6 шейиттин сөөгүнүн да Азербайжанга кайтарылганы белгиленди.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда Россиянын ортомчулугунда түзүлгөн ок атышпоо келишиминде тараптар сөөктөрдү жана туткундарды алмашат деп айтылган эле.

Азербайжан армиясы 8-ноябрда Шуша шаарын Армениянын баскынчылыгынан бошоткон болчу.



Тектеш кабарлар