Азербайжан айрым аймактарды оккупациядан бошотту
Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев жарыялады.
1524768
![Азербайжан айрым аймактарды оккупациядан бошотту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/941a/da08/de19/5fa941c10a453.png?time=1718922413)
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан армиясы бир район, 48 айылды жана дагы 8 стратегиялык дөбөнү Армениянын оккупациясынан бошотконун жарыялады.
Тоолуу Карабахта 27-сентябрда башталган операцияда Азербайжан армиясы буга чейин 5 шаар борборун, 3 район, 240 айылдын айланасын жана айрым маанилүү дөбөлөрдү Армениянын оккупациясынан бошоткон.