Азербайжан армиясынын операциясы уланууда

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуулардын басымдуу түрдө фронттун Агдере, Агдам жана Хожавенд багыттарында уланганы белгиленди.

1523407
Азербайжан армиясынын операциясы уланууда

Азербайжан армиясы, фронттун ар кайсы багыттарында түнү бою Азербайжандын аскерлерин жана конуштарын аткылаган армян армиясын жоготууларга учуратты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуулардын басымдуу түрдө фронттун Агдере, Агдам жана Хожавенд багыттарында уланганы белгиленди.

Армян күчтөрүнүн фронттун айрым жерлеринде персоналын жана аскердик техникасын жоготуп артка чегинүүгө аргасыз болгону кабарланган билдирүүдө, фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экени баса белгиленди.

Агдере багытындагы Армения армиясынын тоодогу 5-полкунун пунктарына артиллериялык аткылоонун натыйжасында бир нече унаа жана минометтер жок кылынгандыгы кабарланды.

Армения күчтөрүнүн 6-полкунун 1-батальонунун өздүк курамынын арасында жоготуулар болгону белгиленген билдирүүдө, D-30 артиллериялык дивизиясынын 3-батарея пушкаларынын да талкалангандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө, операциялардын фронттун жалпысында улантылганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар