Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуулар уланып жатат

Кагылышуулардын басымдуу түрдө фронттун Агдере, Агдам, Хожавенд жана Губадлы багыттарында уланганы белгиленди.

1522781
Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуулар уланып жатат

Азербайжан армиясы, фронттун ар кайсы багыттарында түнү бою Азербайжандын аскерлерин жана конуштарын аткылаган армян армиясын жоготууларга учуратты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуулардын басымдуу түрдө фронттун Агдере, Агдам, Хожавенд жана Губадлы багыттарында уланганы белгиленди.

Армян күчтөрүнүн фронттун айрым жерлеринде персоналын жана аскердик техникасын жоготуп артка чегинүүгө аргасыз болгону кабарланган билдирүүдө, фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экени баса белгиленди.

Министрлик, армян армиясынын эки өлкөнүн чек арасында да ок атышпоо режимин бузгандыгын жана Азербайжандын Товуз, Гедебей жана Дашкесен облустарындагы аскердик жайларына ок атылгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар