Азербайжан-Армения кагылышуулары

Армян армиясынын ок атышпоо режимин бузгандыгы кабарланды.

1522214
Азербайжан-Армения кагылышуулары

Азербайжан армиясы, фронттун ар кайсы багыттарында түнү бою Азербайжандын аскерлерин жана конуштарын аткылаган армян армиясын жоготууларга учуратты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуулардын көбүнчө фронттун Агдере жана Хожавенд багыттарында уланганы белгиленди.

Армян күчтөрүнүн фронттун айрым жерлеринде персоналын жана аскердик техникасын жоготуп артка чегинүүгө аргасыз болгону кабарланган билдирүүдө, фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экени баса белгиленди.

Министрлик, армян армиясынын эки өлкөнүн чек арасында да ок атышпоо режимин бузгандыгын жана Азербайжандын Товуз, Гедебей жана Дашкесен облустарындагы жайларына ок атылгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар