Армения Азербайжандын үч облусуна баллистикалык ракеталарды атты
Ракеталардын Армениянын аймагынан атылгандыгы баса белгиленген билдирүүдө, карапайым калктын бутага алынгандыгы кабарланды.
1513715
![Армения Азербайжандын үч облусуна баллистикалык ракеталарды атты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c532/f5c6/5e6a/5f9129df40737.jpg?time=1719049182)
Армян армиясы Азербайжандын Сиезен, Гебеле жана Күрдемир облустарына баллистикалык ракеталар менен кол салды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында Сиезен облусуна 3 ракета, саат 09:00 чамасында Гебеле обулусуна 2 жана Күрдемир облусуна 1 ракетанын атылгандыгы белгиленди.
Ракеталардын Армениянын аймагынан атылгандыгы баса белгиленген билдирүүдө, карапайым калктын бутага алынгандыгы кабарланды.
Билдирүүдө кол салуулардан каза тапкандардын катталбагандыгы айтылды.