Хажиев Армения ок атышпоо режимин дагы бузгандыгын билдирди
Азербайжан менен Армения макулдашкан убактылуу гуманитардык ок атууну токтотуу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 00: 00дө күчүнө кирген.
1511197
![Хажиев Армения ок атышпоо режимин дагы бузгандыгын билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/36e9/8d51/4af3/5f8c06d1bd579.jpg?time=1718407395)
Азербайжандын президентинин орун басары Хикмет Хажиев армян армиясы согуштук учактарды колдонуу менен ок атышпоо режимин бузгандыгын жарыялады.
Хажиев Твиттер баракчасынан, «Армения армиясы өз учактарын колдонуп, ок атышпоо режимин ачык түрдө бузуп, Азербайжан армиясынын турумдарын бомбалады. Армения тарапка кантип ишенсек болот?» деген билдирүүсү менен бөлүштү.
Азербайжан менен Армения макулдашкан убактылуу гуманитардык ок атууну токтотуу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 00: 00дө күчүнө кирген.