Эрдоган Азербайжанды эгемендик күнү менен куттуктады
Эрдоган, Түркия Азербайжанды бардык тармактарда колдой берээрин билдирди.
1511303
![Эрдоган Азербайжанды эгемендик күнү менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/06d5/3739/fdbb/5f8c3c9d15687.jpg?time=1718827496)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Азербайжанды бардык тармактарда колдой берээрин билдирди.
Эрдоган Твиттердеги эсебинен Азербайжанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, «Кымбаттуу бир тууган, жан досубуз Азербайжанды 18-октябрь Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. «Бир Улут, Эки Мамлекет» түшүнүгү менен биз Азербайжанды ар тараптан колдойбуз жана мекендештерибиздин күрөшүндө бир туугандарыбыздын жанында болобуз»,деген билдирүүсүн бөлүштү.
Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен түшкөн сүрөтүнө дагы орун берди.