Азербайжан армиясы дагы 8 айылды куткарды
Бул тууралуу президент Алиев билдирди.
1509064
![Азербайжан армиясы дагы 8 айылды куткарды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1453/1d34/cd3e/5f86ec2821bf8.jpg?time=1718970844)
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан армиясы Армениянын оккупациясынан дагы 8 айылды куткарганын жарыялады.
Алиев өзүнүн Твиттер баракчасынан: «Баатыр Азербайжан армиясы Физули облусунун Карадаглы, Хатунбулак, Караколлу, Хожавенд облусунун Булутан, Меликжанлы, Кемертүк, Теке, Тагасер айылдарын оккупациядан бошотту. Жашасын Азербайжан армиясы. Карабах Азербайжандын жери»,- деп бөлүштү.