Түрк Кеңеши Армениянын кол салууларын айыптады

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия Түрк Кеңешинин мүчөсү, Венгрия байкоочу өлкөлөрдүн катарына кирет.

1506879
Түрк Кеңеши Армениянын кол салууларын айыптады

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши) Армениянын Азербайжан жарандарына жана калктуу конуштарына  кол салууларын айыптады.

Түрк Кеңешинин Твиттер эсебинде жасалган билдирүүдө, «Түрк Кеңеши Армениянын Азербайжан шаарларын жана жарандарын бейкапар бомбалоосун кескин айыптайт, бул эл аралык укуктун ачыктан-ачык бузулушу. Бул кол салуулар токтоосуз токтотулуп, басып алуучу күчтөр Азербайжан аймагынан чыгып кетиши керек»,делди.

Башкы катчылыгы Стамбулда турган Түрк Кеңеши, Азербайжандын эл аралык деңгээлде кабыл алынган чек аралардын негизинде аймактык бүтүндүктү колдой тургандыгын дагы бир жолу тастыктады.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия Түрк Кеңешинин мүчөсү, Венгрия байкоочу өлкөлөрдүн катарына кирет.



Тектеш кабарлар