Азербайжан армиясынын операциясы уланып жатат

Ал арада Азербайжандын желеги оккупациядан бошотулган Жабраил облусунун айылдарында желбиреди.

1505969
Азербайжан армиясынын операциясы уланып жатат
cebrail azerbaycan bayragi.jpg

Азербайжан армиясы өз жерин куткаруу үчүн баштаган операция уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, катуу кагылышуулардын кечээтен бүгүн эртең мененкиге чейин улангандыгы кабарланды.

Азербайжан армиясынын Армения армиясынын маанилүү багыттарындагы буталарга ок атып кыймылын толугу менен чектегендиги, армян күчтөрүнүн күчтөн тайгандыгы, аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда баш аламандык болуп жаткандыгы жана жоокерлер массалык түрдө качып кеткендиги маалымдалды.

Билдирүүдө кечээки операцияларда Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн 5-Чабуулчу полкунун артиллериялык бөлүктөрүнүн командири жана көптөгөн аскерлердин өлгөндүгү, 10-Чабуулчу дивизиясынын штаб башчысы оор жаракат алгандыгы айтылды.

Билдирүүдө кечээтен баштап бүгүн эртең мененкиге чейин армян армиясынын көптөгөн курал-жарактары жана ок-дарылары менен персоналдык жүк ташуучу унаалары жок кылынгандыгы, бир танкасынын болсо колго түшүрүлгөндүгү кабарланды.

Ал арада Азербайжандын желеги оккупациядан бошотулган Жабраил облусунун айылдарында желбиреп турат.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бөлүшкөн кадрларда Армения армиясынын Жабраил облусунун айылдарынан унааларын таштап качып кеткендиги байкалды.

Көптөгөн жылдарга созулган басып алуу мезгилинде дээрлик урандыга айланган калктуу конуштарда эми куткаруучу Азербайжан аскерлери орноткон желектер желбирөөдө.



Тектеш кабарлар