Азербайжан армиясы алдыга жылууну улантууда

Кечээ кагылышуулар Жабраил-Физули жана Агдере-Тертер багытында күчөдү.

1501982
Азербайжан армиясы алдыга жылууну улантууда

Азербайжан армиясы басылып алынган аймактарын куткаруу үчүн баштаган операциянын 6-күнүндө алдыга жылууну жана армян күчтөрүнө жооп кайтарууну улантты.

Кечээ кагылышуулар Жабраил-Физули жана Агдере-Тертер багытында күчөдү.

Азербайжандын жоокерлери Жабраил-Физули багытында Армения армиясынын каршылыгын бузуп, артка чегинүүгө мажбурлашты жана алдыга жылышты.

Катуу кагылышуулар болгон Агдере облусунун Мадагиз аймагындагы айрым стратегиялык дөбөлөр оккупациядан куткарылды. Армения армиясынын Агдере облусундагы берки жайлары да Азербайжан армиясынын артиллериялык аткылоосуна кабылды.

Бир күндүн ичинде Армения армиясынын 5 брондолгон унаасы жана көп сандаган аскерлери Азербайжан армиясы тарабынан таасирсиз кылынды. Армян армиясынын көчмө штабы жана анын көптөгөн танкалары атылып жок кылынды.

Армян армиясы Агдам облусуна караштуу Хиндиристан, Алибейли, Ахмедагалы, Сеферли айылдарына жана Гузанлы шаарына замбирек менен ок атты. Карапайым калктын арасында курман болгондор жана жаракат алгандар болду.

Кечээ эң катуу чабуул Тертер облусуна жасалды. Армения армиясы Тертер шаарын 2 миңден ашуун артиллериялык снаряд менен аткылады. Тертердин Шихарк шаарчасы да армян аскерлеринин артиллериялык аткылоосунун бутасы болду.

Берденин Соганвердилер жана Эмирли айылдарын аткылаган армян армиясы Шемкир облусунун Сабиркент айылына 10го жакын "Точка-У" тактикалык ракетасын атты.

Азербайжан армиясы 27-сентябрь - 2-октябрь күндөрү Армениянын 230 танкасын жана бронетехникасын, 250 артиллериялык жана ракеталык системасын, 38 абадан коргонуу тутумун, 10 командалык башкаруу жана байкоо зоналарын, 7 ок-дары кампаларын, 130дан ашуун аскердик жүк ташуучу унааларын жана автоунааларын, S-300 тутумун жок кылды.



Тектеш кабарлар