ТКТРнын премьер-министри Эрсин Татар: «Жабык Мараш сөзсүз түрдө ачылат»

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) ТРТ Хабер каналынын түз эфирине катышкан ТКТРнын премьер-министри Эрсин Татар, Мараш аймагы тууралуу маалымат берди.

1476930
ТКТРнын премьер-министри Эрсин Татар: «Жабык Мараш сөзсүз түрдө ачылат»

Түндүк Кипр Түрк Республикасы 46 жылдан бери жабык турган Мараш аймагын ачууга даярданып жатат.

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) ТРТ Хабер каналынын түз эфирине катышкан ТКТРнын премьер-министри Эрсин Татар: «Жабык Мараш сөзсүз түрдө ачылат»,-деди.

Эрсин Татар: «Жабык Мараш сөзсүз ачышы керек. Көнүмүш бузулуп, жаңы баракча ачылды. 1974-жылдан бери бул жерде тынчтык орногон. Биздин коопсуздугубузду Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Түркия Республикасы коргоодо»,- деп айтып: «Марашты эч ким тартып ала албайт. Биз өз жолубузду ийгиликтүү улантып жатабыз»,-деди.

Мараштын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагы экендигин баса белгилеген Татар, бул жер туризм үчүн ачылганда дагы күчтөнө тургандыгын белгиледи.

1963-1974-жылдар аралыгында Мараш 12 миң кишиден ашык керебетке ээ болгон 7 жылдыздуу биринчи мейманканалардын жери болгон. 3 жарым чакырымга созулган алтын кумдуу жээги менен, ал дүйнөгө белгилүү жылдыздардын эс алуу үчүн биринчи тандоосу болгон.

Азыр элес шаарга айланган Мараш көчөлөрүндөгү дүкөндөр эң кымбат бренддердин үйү болушкан. Кымбат баалуу буюмдар сатылган дүкөндөрдөн баштап, эң кымбат зергер дүкөндөрүнө чейин сатылган бул дүкөндөр дагы деле ошол күндүн даңкын чагылдырып турат.

Жабык Мараш аймагында турак жайлардан жана жумуш орундарынан турган 8 миң 400 имарат бар. Ошондой эле, аймакта 21 банк филиалы жана 99 көңүл ачуучу жай бар болчу. Бул курулуштардын бардыгы 5,5 чарчы километр аянтта жайгашкан. Мараш азыр мурунку атак-даңкына кайтып келе турган күндү күтүп жатат.



Тектеш кабарлар