Түрк Кеңешинен Азербайжанга колдоо

Түрк Кеңешинин билдирүүсү

1455180
Түрк Кеңешинен Азербайжанга колдоо

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев Армениянын Азербайжан аймагына жасаган чабуулун катуу айыптады.

Түрк Кеңешинин билдирүүсүндө: «Башкы катчы Багдад Амреев, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Азербайжандын Армения менен чектеш жайгашкан Товуз аймагына жасаган чабуулун кескин айыптайт жана аймакта чыңалуунун күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирет», делди.

Билдирүүдө Амреевдин «Азербайжандык шейит үй-бүлөлөрүнө, бир тууган Азербайжан элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм» деген сөздөрүнө орун берилди.

Ошондой эле: «Түрк Кеңеши эл аралык укуктун ченемдерине жана принциптерине баш ийгендигин ырастап, Армения-Азербайжан Жогорку Карабах жаңжалын Азербайжандын эгемендигинин, аймактык бүтүндүгүнүн жана эл аралык таанылган чек араларынын кол тийбестигинин негизинде мүмкүн болушунча тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу кайтталайт.

Бул жаатта башкы катчы, чыр-чатакты тез арада токтотууга, эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдерине жана 1993-жылы кабыл алынган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү токтомдорунун негизинде тараптарды чыңалууну басаңдатууга жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн жолдорун издөөгө чакырат», деп билдирилди.

Түрк Кеңешинин курамына Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. Венгрия байкоочу өлкө статусуна ээ.

12-июлда армян армиясы, чек аранын Товуз районундагы Азербайжан жерлерине замбиректер менен бирге ок атууга аракет кылып, Азербайжан армиясы жооп кайтаргандан кийин аскерлерин чыгарып кетишкен. Кагылышууда Азербайжан армиясынан бирөө лейтенант төрт аскер курман болуп, төрт аскер жаракат алган болчу.

Кечээ да уланган кагылышууларда Азербайжан армиясынан 7 аскер шейит болгон.



Тектеш кабарлар