Түрк Кеңеши Ковид - 19дан улам байрактарды жарымга түшүрдү

Казакстандын коронавирустан улам каза болгондор үчүн улуттук аза күтүү жарыялашына Түрк Кеңеши да колдоо берди.

1454261
Түрк Кеңеши Ковид  - 19дан улам байрактарды жарымга түшүрдү

Жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун элесине Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу Кеңешинин (Түрк Кеңеши)  башкы катчылык имаратында байрактар жарымга түшүрүлдү.

Казакстандын коронавирустан улам каза болгондор үчүн улуттук аза күтүү жарыялашына Түрк Кеңеши да колдоо берди.

Кеңештин Стамбулдагы башкы катчылык имаратында мүчө өлкөлөрдүн жана Кеңештин байрагы жарымга түшүрүлүп, берилген маалыматта Ковид  - 19да улам каза болгондор үчүн Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаевдин 13 -  июлду улуттук аза күтүү деп жарыялаганы эске салынды.

Түрк Кеңеши каза болгондор үчүн казак калкына жана мамлекетине көңүл айтты. Бейтаптардын бат айыгып чыгышын да каалады.



Тектеш кабарлар