Кыргызстандын премьер - министри Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти

Премьер - министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

1436562
Кыргызстандын премьер  - министри Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти

Кыргызстандын премьер  - министри Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга байланыштуу айыптоолор менен кызматтан кеткенин жарыялады.

Абылгазиев берген жазуу түрүндөгү маалыматта «радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана жаңылоого баланыштуу кылмыш иши боюнча»  өкмөткө жана өзүнүн дарегине карата айыптоолордун айтылып  жатканын белгиледи. Абылгазиев : «Мен тууралуу айыптоолор негизсиз. Иликтөөдө жооптуулар табылат деп ойлойм. Иликтөөдөн улам пайда болгон белгисиздиктин айынан өкмөт толук кандуу иштей албайт. Ошондуктан оставкага кетүү чечимин чыгардым»,- деп билдирди.

Кыргызстанда апрель айында кээ бир кызматкерлер тууралуу радиожыштыктар ресурстарын узартуу  жана жаңылоо процессинде мамлекетти материалдык зыянчылыкка учуратуу кылмышы боюнча иш козголгон.

Иликтөөнүн негизинде аты  билдирилбеген жогорку мартабалуу жетекчилер камоого алынга.

Бир телефон фирмасынын кабелдик телекөрсөтүү фирмасынан 1 миллион 800 долларга жакын акчага сатып алган радиожыштык ресурсунун лицензиясынын жаңыланышы тууралуу мамлекеттин 67 миллион доллар зыянга учуратылганы айтылууда.

Бир тараптан парламенттин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда өлкөдө коалициядагы партиялар добуш бирдиги менен  Кубатбек Бороновду премьер  - министрликке талапкер көрсөттү. 

Боронов сөзүндө өзүнө көрсөтүлгөн ишенимден улам депутаттарга ыракмат айтты. 

Көз карандысыздыгынын 29 -  жылын 31 -  августта белгилей турган Кыргызстанда парламенттин Жалпы Кеңеши тарабынан премьер  - министрликке талапкерлиги кабыл алына турган болсо Боронов өлкөнүн 31 -  премьер  - министри болот. 

 

 



Тектеш кабарлар