Айдарбеков менен Чавушоглу видеоконференция ыкмасы менен сүйлөшүү өткөрдү

КР жана Түркия ТИМ башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

1400835
Айдарбеков менен Чавушоглу видеоконференция ыкмасы менен сүйлөшүү өткөрдү
aydarbekov1.jpg

2020-жылдын 16-апрелинде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун ортосунда видеоконференция форматында сүйлөшүү болуп өттү.
Маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле 2020-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын видео-саммитинин жыйынтыктарын ар тараптуу ишке ашырууну талкуулашты.
КР ТИМ башчысы Ч.Айдарбеков коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына көңүл бурду. Тараптар COVID-19ду дарылоо жана анын алдын алуу боюнча онлайн жана башка консультацияларды жүргүзүү үчүн эки өлкөнүн медициналык кызматтарынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн тастыкташты.
Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн жарандарын эки тараптуу эвакуациялоо үчүн чартердик рейстерди уюштуруу маселесин дагы талкуулашты.
Регулярдык авиакаттамдардын жандануусуна чейин өлкөдө болуунун же жашоо түрүнүн визалык мөөнөттөрү өтүп кеткен Кыргызстандын жарандарына карата айып санкциялары колдонулбасын деген түрк бийликтеринин чечими үчүн Министр Ч.Айдарбеков маектешине ыраазычылык билдирди.
Ошону менен бирге, түрк тарабынын COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз тарабына көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кесиптешине ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар