Элчи Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кайсери шаарына иш сапары
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кайсери шаарына иш сапары болуп ѳттү.
![Элчи Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кайсери шаарына иш сапары](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dd7b/37e3/3fad/5e72ac2de0b49.jpg?time=1718862488)
![омуралиев кайсери1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d379/95f7/e1ed/5e72ad52286c8.jpg?time=1718862488)
![омуралиев кайсери2.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/07bd/f0ef/3e14/5e72ad5bde0c7.jpg?time=1718862488)
![омуралиев кайсери3.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7eec/cbcc/6cd1/5e72ad65c4651.jpg?time=1718862488)
![омуралиев кайсери5.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0a4f/9831/05a0/5e72ad6f4fe60.jpg?time=1718862488)
![омуралиев кайсери6.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6fd4/d127/ff88/5e72ad789bf89.jpg?time=1718862488)
![омуралиев кайсери7.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0c88/f2ba/607f/5e72ad822a983.jpg?time=1718862488)
2020-жылдын 3-4-мартында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кайсери шаарына иш сапары болуп ѳттү.
Иш сапардын алкагында, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кайсери аймагынын Губернатору Шехмус Гюнайдын, Кайсери шаарынын Мэри Мемдух Бүйүккылыч, Кайсери Өнөр-жай жана соода палаталарынын жетекчилери жана ишкерлери, “Эржиес” университетинин ректору Мустафа Чалыш, ошондой эле Кайсери аймагынын Миграция боюнча башкармалыгынын Директору Өмер Ташчы жана Кайсери аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кайсери аймагынын Губернатору жана Кайсери шаарынын Мэри менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын региондору жана шаарлары менен Түркиянын аталган провинциясынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана боордоштук байланыштарды түзүү зарыл экендигин белгиледи. Тараптар товар жүгүртүүнүн көлөмүн артыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кайсери ишкерлеринин Кыргызстанга иш-сапарын уюштуруу жана бирге маданий-гуманитардык иш чараларды жүргүзүү тууралуу макулдашышты жана коронавирус кырдаалынын жайылышы тууралуу талкуулашты.
Кайсери өнөр-жай палатасынын ишкерлери өнөр-жай аймагын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө үчүн Кыргызстанга келүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Өз учурунда Кубанычбек Өмүралиев ишмердүүлүктөрүндө жардам берүүгө даяр экендигин билдирип, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди.
“Эржиес” университетинин ректору Мустафа Чалыш менен Кыргызстандык 68 студенттин окуу жана жашоо шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык маселеси талкууланды.
Кайсери аймагынын Миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан КРнын жарандары менен болгон жолугушууда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланды.
Маалымат катары: Кайсери аты уйкаш аймактын административдик борбору. Аймак Түркиянын борбордук Анадолу регионунда жайгашкан жана калкынын саны 1 407 409 адамды түзөт. Кайсери Түркиянын соода-экономикалык жаатта өнүккөн аймактарынан бири. Мебель, текстиль, химиялык, кайра иштетү, ошондой эле энергетика жана айыл чарба өнөр-жайлары өнүккөн. Кыргызстан жана Кайсери ортосунда товар жүгүртүү 6,5 млн. АКШ долларын түзөт.
Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги