Бакуда түрк кинолорунун жумалыгы өтүүдө

Иш-чарага Түркиядан бир катар актер, актриса, режиссер, сценарист жана продюсер да конок катары катышууда.

1312399
Бакуда түрк кинолорунун жумалыгы өтүүдө

Азербайжандын баш калаасы Бакуда уюштурулган 5-Түрк кинолорунун жумалыгы, режиссер Шүкрү Алачамдын «Ложман» аттуу киносу көргөзүлүп башталды.

«Низами Кино» борборунда өтүп жаткан иш-чарада Түркиядан бир катар актер, актриса, режиссер, сценарист жана продюсер да конок катары орун алды.

Жергиликтүү ой-пикир коомунун төрагасы жана ошондой эле Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Орду шаарындагы эл өкүлү Метин Гүндогду маалымат берүүсүндө, Азербайжанда түрк кинотасмаларына болгон кызыгуунун барган сайын өскөнүн, 5 жыл мурда башталган кино жумалагы иш-чараларынын бул өсүүдө чоң салымы болгонун айтты.

Түркияда көрсөтүлгөн баардык кинотасмалардын Азербайжанда дагы көргөзүлгөндүгүн белгилеген Гүндогду буларга сыймыктангандарын айтты.

29-ноябрга чейин улана турган кино жумалыгы убагында бакулуктар бир катар түрк кино тасмаларын акысыз көрө алышат.



Тектеш кабарлар