Азербайжан көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат

Азербайжан көз карандысыздыгынын 28 -  жылын белгилөөдө.

1290439
Азербайжан көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат

1918 -  жылы 28 -  майда Мехмет Эмин Ресулзаденин жетекчилигиндеги Улуттук Кеңеш тарабынан көз карандысыздыгы жарыяланган, 2 жылдык кыска убакыттан кийин советтер союзу тарабынан басып алынган Азербайжан 1991 -  жылы 18 -  октябрда тарых сахнасына кайрадан көз карандысыз мамлекет болуп чыкты.

Азербайжандыктар 70 жыл советтер союзунун башкаруусу астында жашаса да бир убактар чыгыштын биринчи демократиялык республикасы катары кабыл алынган улут, дин, секта жана жыныстык өзгөчөлүккө көңүл бурбастан бардык мекендештерге тең укукту берген мамлекетке ээ болушкандарын эч качан унуткан жок.

Советтер союзунун 1990 -  жылы 20 -  январда Баку жана башка облустарда аял жана балдарды бөлбөстөн кылган кыргыны Азербайжан калкынын Советтик Социалисттик Республикалар Союзу СССР башкаруусуна болгон ишенимин жоготуп, өлкөнүн көз карандысыздыгына барган процессти ылдамдатты.

Мезгилдин парламент мүнөзүндөгү Азербайжан Али Советинде 1991 -  жылы 30 -  августта көз карандысыздыктын жарыяланышы тууралуу билдирүү кабыл алынды. 1991 -  жылы советтер союзунан бөлүнүп көз карандысыздыктын жарыяланышы талкууланган отурумдар өткөрүлдү. Али совети тарабынан 1991 -  жылы 18 -  октябрда «Азербайжан республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу Конституция акты» добуш көптүгү менен кабыл алынды.

Кабыл алынган документте советтер союзу баскынчы катары белгиленди жана Азербайжандын 1918 -  жылы курулган республиканын мураскери экендиги жарыяланды.

Али советинин чечими 1991 -  жылы 29 -  декабрдагы референдумга алып барылды. Референдумда элдин дээрлик баары көз карандысыздыкты жактаган добуш берди. Азербайжанда 18 -  октябрь 1992 -  жылдан бери улуттук майрам катары белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар