Азербайжан Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясын колдоду

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1286440
Азербайжан Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясын колдоду

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында баштаган «Тынчтык булагы» операциясынын террордук коркунучтардын жок кылынышына, качкындардын өз үйлөрүнө кайтууларына, гуманитардык маселелердин чечилүүсүнө, тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышына жардамчы болоорун билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Азербайжандын терроризмдин баардык түрүн жана көрүнүштөрүн катуу айыптагандыгы, эл аралык коомчулуктун террорго каршы күрөшүүдөгү аракеттерин колдогондугу белгиленди.

Билдирүүдө: «Ушул жагынан алып караганда, Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Тынчтык булагы» операциясынын Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн алкагында террордук коркунучтардын жок кылынышына, качкындардын өз үйлөрүнө кайтууларына, гуманитардык маселелердин чечилүүсүнө, тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышына жардамчы болооруна ишенебиз»-делди.



Тектеш кабарлар