"Кавказ бүркүтү - 2019" машыгуусу улантылууда

Машыгуу 1 - октябрда аяктайт.

1277755
"Кавказ бүркүтү  - 2019" машыгуусу улантылууда

 Түркия, Азербайжан жана Грузиянын атайын күчтөрү Азербайжандын борбор шаары Бакуда башталган аскердик машыгуу улантылууда.

Азербайжан коргоо министрлигине берилген маалыматка караганда 23 -  сентябрда башталган жана «Кавказ бүркүтү  - 2019» деп аталган аскердик машыгууда кечээ  террористтер болгон имаратка кол салуу болуп, террористтер колго түшүрүлдү.

Машыгууда өзгөчө душмандын абадан коргонуу системаларын иштен чыгаруу боюнча тапшырмалар аткарылды. Аралаш топтор түрүндө аткарылган тапшырмаларда аба унаалары да колдонулду. Пакистандык аскерлер байкоочу катары катышкан машыгуу 1 -  октябрда аяктайт.



Тектеш кабарлар