Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын убагы жана жери жакында жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук  Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Жаштар жана Спорт Министри Мехмет Касапоглу менен жолукту.

1277152
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын убагы жана жери жакында жарыяланат

2019-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук  Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Жаштар жана Спорт Министри Мехмет Касапоглу менен жолукту.

Тараптар Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата келишимге кол коюга даярданууну белгилешти. Министр Касапоглу, жакынкы убакта  4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кайда жана качан боло турганы жарыялана турганын айтты.

К.Өмүралиев менен М.Касапоглу Кыргызстан менен Түркиянын спорттун түрлөрү боюнча тажрыйбаларын бөлүшүүгө карай кызматташууну макулдашышты.



Тектеш кабарлар