Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлеринин жыйналышы тууралуу...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышкан Европа кеңсесинин ачылыш аземинен улам Будапештте өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз 10-жыйналышы тууралуу биргелешкен билдирүү жарыяланды.

1273599
Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлеринин жыйналышы тууралуу...

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) Венгриянын борбор калаасы Будапештте ачылган таанытуу кеңсеси, Түрк Кеңешинин Европа Биримдиги (ЕБ) жана Европанын мекемелери менен кызматташтыгын күчтөндүрүүгө жардамчы болот.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышкан Европа кеңсесинин ачылыш аземинен улам Будапештте өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз 10-жыйналышы тууралуу биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Кеңсенин ачылышынын маанисине шилтеме кылынган билдирүүдө: «Европа кеңсеси, Түрк кеңешинин Венгрия менен карым-катнаштарын күчтөнтүү менен эле тим калбай, ошол эле учурда Түрк Кеңешинин ЕБ жана Европанын мекмелери менен кызматташтыгынын арттырылышына жардамчы болот. Кеңсе; ТҮРКСОЙ,Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТҮРКПА), Түрк академиясы менен Түрк маданияты жана мурасы фонду сыяктуу тийиштүү мекемелер менен Венгриянын дагы көп кызматташтык кылуусу үчүн жаңы жолдорду ачат»,деген сүйлөм орун алды.

Билдирүүдө, министрлердин 15-октябрда Азербайжандын борбор шаары Бакуда боло турган Түрк Кеңешинин Мамлекет башчылар саммитинин уланып жаткан даярдыктары каралганы белгиленип, «Министрлер, Өзбекстандын Түрк Кеңешине толук кошулуусун канагаттануу менен кабыл алышты. Түрк Кеңешинин 2025-жылкы көз карашы темалары менен катар Түрк маданияты жана мурасы фондуна байкоочу статусун алыш үчүн Венгриянын кайрылуусун да талкуулашты»деген маалымат бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар