Нур-Султанга кепил өлкөлөр чогулат

Бул туурасында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

1238940
Нур-Султанга кепил өлкөлөр чогулат

 

Кепил өлкөлөрдүн Сирия темалуу жыйналышынын он үчүнчүсү Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда 1-2-августта өткөрүлөт.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Астана форматындагы жыйынга кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Иран менен катар Башар Асад режими жана аскердик оппозициячылдар, БУУ, Иордания, Ливан жана Ирак делегациялары да байкоочу катары катышышат.

Жыйында Идлиб менен катар Сириядагы акыркы абал каралмакчы.

Тараптардын ортосундагы ишенимди арттыруучу чаралар жана укуктук комитеттин түзүлүүсү да талкууланат.

Эки тараптуу жана үч тараптуу техникалык сүйлөшүүлөрдүн алкагында баштала турган жыйындын негизги отуруму 2-августта өткөрүлөт.

25-26-апрелдеги 12-жыйында байкоочу статусу берилген Ливан менен Ирак Астана форматындагы жыйналышка алгач ирет катышат.



Тектеш кабарлар