Акдеңиздин кечинде Кыргыз маданияты жана «Манас» эпосу

Бул иш-чараны Анталиядагы «Кыргыз эли» коому, «Түркменели» коому, Анталиядагы Түрк дүйнөсүнүн платформасы жана Муратпаша муниципалитети биргелешип өткөрүштү.

1235609
Акдеңиздин кечинде Кыргыз маданияты жана «Манас» эпосу
AKDENIZ_MANAS_27.jpg
AKDENIZ_MANAS_36.jpg
AKDENIZ_MANAS_31.jpg
AKDENIZ_MANAS_20.jpg
AKDENIZ_MANAS_6.jpg
AKDENIZ_MANAS_2.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда Анталия шаарында Кыргыздардын чоң иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чараны Анталиядагы «Кыргыз эли» коому, «Түркменели» коому, Анталиядагы Түрк дүйнөсүнүн платформасы жана Муратпаша муниципалитети биргелешип өткөрүштү.

Муниципалитеттин алдына боз үй тигилип, ал аймакты көрккө бөлөп, элдин кызыгуусун тартып жатты. Боз үйдүн ичинде кыргыздын боорсок, чакчагы менен катар даамдуу тамактары келген элге сунулуп, түрк туугандарга маалымат берилип турду.

Эң оболу коомдордун мүчөлөрү эртең менен чогулуп «Чынгыз Айтматов» атындагы паркка жана замбирекчи капитан «Мустафа Эртугрул» атындагы паркка гүлчамбар коюшуп, таазим кылышты. Андан соң Түркиянын ар кайсы шаарларынан жана Кыргызстандан ырчы чоорчулар, мекендештер келе башташты.

Уюштуруучулук милдетин аркалаган «Кырыз эли» коому бардык иштерин так аткарып, Кыргызстандан келген конокторду тосуп алуудан тартып, мейманканага жайгаштыруу жана концерттик программаны өткөрүүгө чейин эң мыкты чеберчилигин көрсөттү десек жаңылышпайбыз.

Программаны жаш талант Бексултан Алимбеков жана Кастамонуда билимин тереңдетип жаткан кызыбыз Нурзаада эң мыкты деңгээлде алып барды.

Иш-чара Кыргыз элинин энциклопедиясы болгон «Манас» эпосун түшүндүрүү менен башталып  концерттик программа менен коштолду.

Иш-чаранын ачылышында уюштуруучулар "Кыргыз эли" коомунун башчысы Рысгүл Кадырова жана "Түркменели" коомунун башчысы Юнус Баятлы коомдун максаттары жана жасап жаткан иштери тууралууу маалымат берип, келген конокторду "Анталияга кош келипсиздер",-деп таазим кылышты.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков мырза, "Манас" эпосунун үч томдугун Муратпаша муниципалитетинин башчысынын орун басарына тапшырып, Анталия шаарында Кыргыз маданиятынан үлгүлөрдү көрсөтүү үчүн муниципалитеттин каалгасын ачып бергендиктерине ыраазычылыгын билдирди.

Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова эжекебиз, айкөл Манас бабабыздын балалык чагынан тартып бул дүйнө менен кош айтышкандагы туршмушунда кыргыз элине калтырган таасирин, анын маани маңызын, элибизде «Манас» деген ким экенин түрк туугандарга өз баяндамасында түшүндүрүп берди.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен келген доцент Алпаслан Ашык дагы «Манас» эпосубуз тууралуу омоктуу ойлорун атып өттү.

Аны улай эпостон үзүндүлөр айтылып, «Кыргыз эли» коомунун мүчөлөрүнөн турган топ Манастын төрөлүшүн сахнада чагылдырып берди. Төкмө акын төгүп жатты.

Концертке өзүнүн жагымдуу ырларын тартуулаганы келген Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, Кыргыз жери, Ала-Тоо тууралуу ырларды ырдап мекендештердин делебесин козгоду. Көрүүчүлөр Саламат эже менен бирге ырдап, чогуу сүрөткө түшүп калуу үчүн жабалакташты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова өзүнүн патриоттук ырларын ырдап мекенге болгон сүйүүнү арттырды.

Андан дагы обончу-композитор, виртуоз-аккордеонист Догдурбай Урмамбетов, өзүнүн автордук ырларын аткарып, «Мекеним» аттуу ыры менен залды жаңыртты жана көргөн эл коштоп ырдашты.

Ал эми Догдурбай Урмамбетовдун кызы Лира Урмамбетова ырлары менен кошо дизайнердик өнөрүн дагы таруулады. Ал заманбап «шөкүлө» үлгүлөрүн көрсөтүп кыргыз кийимине кызыгууну арттырды. Манас университетинен келген жаш талант, комузчу ырчы Буэфиза Турматова комуздун коштоосунда созолонтту.

"Акдеңиз кечинде Кыргыз маданияты жана "Манас" эпосу" кечесинде КРнын эл артисти Саламат Садыкова, Маданияттын мыктылары Догдурбай Урмамбетов, Лира Урманбетовалар жана КРнын Стамбул шаарындагы консулу Эркин Сопоков, Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова, "Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мугалими, доцент Алпаслан Ашык ошондой КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскуловалар чет мамлекеттеги мекендештерге берип жаткан энергиясы, ушул салтанаттуу кечке кошкон салымы жана буга чейин жасаган эмгектери үчүн "Кыргыз эли" коомунун Ардак Грамотасы менен сыйланды.

"Кыргыз эли" коому тарабынан түзүлгөн "Ала-Тоо" таланттары чыгармачыл тобунун солисти Гүлжан Усупбаева ырдап элди шаңдантса, Орозбек Тоялиев "Сени сүйөм" аттуу ырлары менен финалга карай жетеледи.

Ал эми Кастамону шаарынан келген Нурзат Абдраим кызы «Апакем» аттуу ырын аткарса, Анталиядагы Орозбек Тоялиев «Жубайыма» аттуу ырын ырдап берди, ошондй эле Рамис Таалайбеков комуздун коштоосунда ырларын аткарып,  Бексултан Алимбеков, алып баруучулук менен бирге  «Ырдайм жаштыкта» аттуу ырын ырдап иш-чараны жапты.

"Кыргыз эли" коомунун башчысы Рысгүл Кадырова бул иш-чаранын өтүшүндө салымын кошуп ар тараптан колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевге жана Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковго терең ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар