Кыргызстан менен ЕБ Өнөктөштүк жана кызмытташтык келишими боюнча макулдашты

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини борбор шаар Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолукту.

1231538
Кыргызстан менен ЕБ Өнөктөштүк жана кызмытташтык келишими боюнча макулдашты

 

Кыргызстан жана Европа Биримдигинин көпкө созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында даярдалган «Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууну» парафирлөө болуп өттү.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини борбор шаар Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолукту.

Делегациялар аралык жолугушуудан кийин тараптар, «Кыргызстан жана ЕБнин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу» тууралуу долбоор текстти кабыл алды.

Айдарбеков, жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстан менен ЕБнин ортосунда 17 айдан бери даярдалып жаткан келишимге карай долбоор текстине кол койгондорун белгилеп, «Жаңыланган келишим Кыргызстан менен ЕБнин ортосунда кеңири кызматташтыктын мыйзамдын чегинде өнүктүрүлүшүн көздөйт. «Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишиминин долбоор тексти экономика, укук, билим берүү жана социалдык өнүгүү тармактарында кызматташтыктын кеңейтилиши жана тереңдетилишин максаттайт»,-деп айтты.

Кыргызстандын ЕБ менен соода көлөмүнүн өткөн жылы 1 миллиард долларга жетишинен улам кубанганын билдирген Айдарбеков, Кыргызстандын ЕБне мүчө өлкөлөргө экспортунун 3 эсеге көбөйүп 750 миллион доллрага жеткенин түшүндүрдү.

Айдарбеков, келишимдин күчүнө кириши менен бирге Кыргызстандын жеңилдетилген виза тартибинен пайдаланууну үмүт кылгандарын белгиледи.

Могерини да ЕБнин Кыргызстан жана Орто Азия менен кызматташтыгынын маанисине токтолуп, «ЕБ, Орто Азия жана Кыргызстанга дүйнөдө болуп жаткан чыңалуулардын себебинен эмес, коңшулар менен жакын кызматташтыкты түзүүсү, кызматташтыгын күчтөндүрүүсү, өлкөдөгү экономикалык факторлорду жакшыртуусу жана атуулдарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоосу үчүн маани берет»,-деди.

Көз карандысыздыгын жарыялаган күндөн бери ЕБнин Кыргызстандын жаңы мамлекет куруусу жана демократия жолундагы аракеттери үчүн колдоо көрсөткөнүн эске салган Могерини, «Кыргызстандын демократия жолунда жасай турган дагы көп иштери бар. Эркиндиктер үстөмдүк кылган коомчулуктун өнүгүүсү үчүн Кыргызстанга колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз»,-деп айтты.

Могерини, келишимдин долбоор текстинин Кыргызстан менен ЕБнин ортосундагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү жагынан мааниси баса белгиленгенин айтты.

Бул учурда ЕБнен Кыргызстандагы билим берүү реформасын ишке ашыруу үчүн 35,76 млн.евро суммасындагы финансылык жардамды көздөгөн келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар